Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

Асылбеков Таалайбек Спартакович, 1977 жылы 5 майда Кыргыз ССРнин Фрунзе шаарында туулган.

1984 жылы мектеп босогосун аттап, 1994 жылы мектепти бүтүп орто билимге ээ болгон.

1994 жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетини жогорку окуу жайга чейинки даярдоо борборунун гуманитардык факультетине даярдоо бөлүмүнө тапшырган.

1995жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин юридикалык факультетине кирген. 2000 жылы окууну бүтүп, юриспруденция кесибине жана “дипломдуу кесип ээси” квалификациясына ээ болот.

 

2001 жылдын ноябрь айынан баштап 2002 жылдын декабрь айына чейин Чүй облусунун Аламүдүн прокуратурасынын тергөөчүсүнүн коомдук жардамчысы болуп иштеген.

2003 жылы 10 январда конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн 1 категориядагы адиси кызматына кабыл алынган. 2005 жылдын 28 июнунда Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин укуктук бөлүмүнүн жетектөөчү адис кызматына которулган.

 

2006 жылдын 26 апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясынын башкы адиси кызматында эмгектенет.

2009 жылдын 28 майынан баштап Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин укуктук жана эл аралык ишмердүүлүк башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткарган.

2009 жылдын 7 сентябрнан баштап Кыргыз Республикасынын эмгек жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекттик инспекциясынын башчысынын орун басарлык милдетин бир убакыттын ичинде аркалаган

2010 жылдын 4 мартынан баштап конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде Кыргыз Респуликасынын эмгек жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясынын директорунун орун басары кызматына бекиген.

2014 жылдын 3 апрелинен баштап Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын укуктук камсыздоо жана эмгекти коргоо башкармалыгынын башчысы, эмгек коргоо боюнча башкы мамлекеттик инспектор кызматын дайындалган.