Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция эл аралык уюмдар менен кызматташуусун улантууда. 2020-жылдын  17-июнунда Мамэкотехинспекциянын Борбордук аппаратынын имаратында ЕККУнун Программалык кеңсесинин өкүлдөрү  менен жолушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Программалык кеңсеси менен биргеликте 2020-жылга карата өз ара кызматташуу Планына кол коюлду. Планга Мамэкотехинспекциянын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу пункттары, ошондой эле экологиялык жана техникалык мониторинг жаатында кызматташуунун негизги багыттары киргизилген. Кошумча  Мамэкотехинспекциянын колдоосу менен ЕККУнун Программалык кеңсеси тарабынан иштелип чыккан “Инспектордун колдонмо китебин” тапшыруу болуп өттү. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоо жаатында жигердүү жана жемиштүү кызматташтагы үчүн ЕККУнун Программалык кеңсесинин кызматкерлерине Ардак граматоларды тапшыруу болду.