Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

        Мамэкотехинспекциянын инспекторлору коргоочу костюмдарды, көз айнектерди жана нитрилдик кол каптарды, ошондой эле №95 респиратордук бет каптарды алышты, бет кап абадагы 95 пайыздан кем эмес майда бөлүкчөлөрдү тосот. ЖКК каражаттары ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин “Экологиялык коопсуздукту бекемдөө жана кырсыктардын тобокелчиликтерин азайтуу” долбоорунун алкагында, ошондой эле #COVID-19 жайылуусун алдын алууга көмөктөшүү максатында берилди. Мамэкотехинспекция ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин дүйнөдөгү коронавирус менен күрөшүү боюнча салымын жана аракеттерин жогору баалайт жана бул оор кырдаалда көрсөтүлгөн колдоосу жана жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет.