Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Учурда республика аймагында балыктардын корун коргоо, ошондой эле азайып кетүү коркунучуна бөгөт коюу максатында Мамэкотехинспекция тарабынан түшүндүрүү жана текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чара Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл району боюнча башкармалыгы тарабынан өткөрүлүүдө. Тагыраак айтканда, рейд учурунда Сары-Ой, Өрнөк айылдарынан тарта Чок-Тал, Тамчы айылдарына чейинки аралыкта салынган мыйзамсыз балык уулоочу 22 даана кытай тору көл үстүнөн чечилип, тазаланды. Чечилген торлордун ар биринин узундугу болжолу менен 80- 100 метрге чейин болгон. Эске сала кетсек, Ысык-Көл облусундагы балыктардын саны акыркы беш жыл ичинде бир топ азайган.  Алардын арасында жок болуп кетүү коркунучундагы айрым балыктардын түрлөрү бар.

Андыктан Мамэкотехинспекция эскертет!

Жаратылыштагы жана анын ичиндеги жан-жаныбарларга кол салууну токтотуп, балыктарга жана жапайы жаныбарларга зыян келтирбөө керек!