Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ысык-Көлдүн үстүндө мыйзамсыз балык кармоочу кытай торлору чечилип тазаланды. Көлдүн үстүнөн тазаланып алынган тордун саны 32 даана. Ар бир тордун узундугу 80-100 метрден болжолу менен чечилген торлордун баардык узундугу 3 километрди түзөт. Чечилген торлорго акты түзүлүп, ордунан кескиленип жараксыз абалга алып келинди жана жок кылынды.