Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

14-май 2020-жылы Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспекторлору мыйзамсыз балык уулоого жана броконьерликке каршы күрөшүү максатында чыгарылган буйруктун негизинде Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын көл жээгинен баштап Ананьево айылына чейинки аралыкта ыкчам рейд уюштурулду. Рейд учурунда Ананьево айылынын тургуну Гудков. И. А. Речной Казанка кайыгы жана балык уулоочу 8 даана Кытай тору менен көлдүн үстүндө мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен кармалышты. Ордунан акты толтурулуп, тийиштүү иш кагаздары жана 1 кайык моторлору, алынган балыктары торлору менен кошуп Ички иштер министрлигинин Ананьево айылдык бөлүмүнө толугу менен өткөрүлүп берилди жана дагы Ысык-Көл районунда мыйзамсыз балык кармоочу кытай торлору чечилип тазаланды. Көлдүн үстүнөн чечилип тазаланган тордун саны 32 даана. Ар бир тордун узундугу 80-100 метрден болжолу менен чечилген торлордун баардык узундугу 3 километрди түзөт. Чечилген торлорго акты түзүлүп, ордунан кескиленип жараксыз абалга алып келинди жана жок кылынды. Ошондой эле ыкчам рейд Тоң районунда да жүргүзүлүп, Сары-Камыш жана Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң, Кара-Шаар жана Кара-Талаа участокторунан рейд учурунда узундугу 750 метр балык улоочу кытай тору чечилип, алар кескиленип, Балыкчы шаардык калдык сактоочу жайга төгүлдү.