Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Мыйзамсыз балык уулоо менен алектенгендер аныкталды. 2020-жылдын май айынын 11-15 күндөрү, жергиликтүү калктын кайрылуусунун негизинде Нарын р-н аймактарында Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан рейд уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 токтому менен бекитилген эрежени бузуп, балык уулап жүргөн жарандар кармалып, Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексининин 195-беренесине ылайык айып пулдар салынды. Инспекторлордун айтымында, мыйзамсыз балык кармоо туура эместигин жергиликтүү калк талапты туура түшүнсө дагы, мыйзам бузууга барууда. Бул жаатта жергиликтүү тургундарга тынымсыз түшүндүрүү, алдын-алуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгын адистер билдиришет.