27.04.2020- жылы болжолу менен түшкү саат 13:00 чамасында ат деген маалымат түшкөн. Аталган маалыматтын негизинде МЭТИнин Ысык-Көл, Тоң райондору, Чолпон-ата, Балыкчы шаарлары боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспекторлору жана Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте ордунан кароо иштерин жүргүзгөндө Ысык-Көл районуна караштуу Бактуу-Долоноту айылынын тургуну Мырзабаев А аттуу жаран Ысык-Көлдүн сига-лудога балыгын мыйзамсыз сатып жаткандыгы аныкталып ордунан МЭТИнин башкы инспектору тарабынан акт түзүлүп Айлана чөйрөгө жана жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыян 14140 сомду түздү. Толтурулган иш кагаздар Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө мыйзамдын негизинде өткөрүлүп берилди.