Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Мамэкотехинспекциянын адистери Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы жапайы жаныбарларды багуучу жайына өткөрүлүп берилген Акжолтой аттуу арстандын баласынан кабар алышты. Аталган арстандын баласы 2017-жылдын 2-ноябрында Ысык-Көл облусунун Д.А. аттуу жаранынан өз билемдик менен багып жүргөндүгүнөн, өткөрүлүп алынып, атайын жайга багуу үчүн «Бугу эне» Коомдук Фондуна өткөрүп беришкен. Учурда Акжолтой аттуу арстандын баласы 3 жашка чыгып, чоң арстан болду. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 2-ноябрында Мамэкотехинспекциянын экологдору кызыл китепке кирген жаныбардын баласына Акжолтой деген ысымды ыйгарышып, «Бугу эне» Коомдук Фондуна өткөрүп беришкен. Аталган жаныбар СИТЕСке кирген жапайы жаныбары болуп саналат. Мындай жырткыч жаныбарлар Каракол шаарындагы жапайы жаныбарларды багуучу жайында багылып келген. Адистердин айтымында бул жырткыч жаныбары улам чоңойгон сайын кооптуу болуп, адам өмүрүнө кол салып дагы жибериши толук мүмкүн. Андыктан бул жаныбарды өткөрүп алган тарап дыкаттык менен көзөмөлдөп турушаарын баса белгилешти.