Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

    Браконьерчиликке каршы Мамэкотехинспекция тарабынан өлкө боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Себеби, акыркы жылдары балыктардын саны кескин азайууда. Кармалган браконьерлер айрым учурда инспекторлорго баш ийбей, кол көтөрүүгө чейин барышат. Адистердин билдирүүсү боюнча, жылдан жылга балыктардын саны тийиштүү денгээлге чейин көбөйбөй жатат. Массалык балык уулоонун натыйжасында торлорго ар кандай балык түшөт. Анын ичинде кызыл китепке кирген балыктардын түрлөрү бар. Мисалы майда чебак саналган балыктардын саны кескин азайып кеткен. Аларды багып өстүрүп сууларга кое берилгени менен браконьерлердин айынан чоңоюп жетилбей жокко учурап жатат. Инспекторлордун айтымында, бир топ жыл аралыкка чейин балыктарга браконьерлер кол салбай, көбөйүшүнө жолтоо болбосо балыктар кайрадан көбөйүүсү толук мүмкүн. Өз кезегинде Мамэкотехинспекция көп сандаган балыктарды кыргандарга административдик жаза салуудан сырткары, кылмыш ишин дагы козголоорун эскертет. Андыктан Кыргызстандын тоолорунда, суууларында жүргөн жан-жаныбаларды, алардын азайып кетпешине жол бербөө максатында Мамэкотехинспекция жалпы Кыргызстандыктарды жан- жаныбарларга кол салбай, табиятка аяр мамиле кылууга чакырат.