Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

  Мамэкотехинспекциянын Өзген шаары, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондор аралык башкармалыгынын Экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча инспекторлору тарабынан мыйзамсыз балык уулоо жана балык корлорун коргоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Мамэкотехинспекциянын 24-январь 2020-жылдын №02-7/27 сандуу буйругун аткарууга алуу боюнча атайын ыкчам текшеруулөрду жүргүзүүдө Өзген районунун аймагында жайгашкан Жазы дарыясынын Кыймыл участкасында мыйзамсыз, эч бир уруксат кагаздары жок балык уулап жүргөн жарандар аныкталды. Ак-Жар а/өкмөтүнүн тургуну Карашев Ж. , Төрт-Көл а/ өкмөтүнүн тургуну Балбаев А. жана Ден-Булак а/ өкмөтүнүн тургуну Боронов Б. кармалып, КРнын "Бузуулар" жөнүндөгү Кодексинин 195-беренесинин негизинде чара көрүлдү.