Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

 Мамэкотехинспекциянын директорунун орун басары Р.Артыкбаев, экологиялык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы М.Омуров, басма-сөз катчы А.Мамбеталиева жана аталган башкармалыктын инспекторлору Талас облусунда кармалган илбирстин абалы менен таанышып келишти. Жаабарс (илбирс) учурда “Бугу-Эне” коомдук фондунун карамагында реабилитациядан өтүп жатат. Илбирс кармалган күндөн тарта Мамэкотехинспекциянын көзөмөлүндө болууда. Баса белгилеп өтчү жагдай, аталган фонддун жетекчиси Салтанат Сеитова илбирстин дарылануу процессин толук колго алып , ийне сайуу жана тамчылатма дарыларды куюнуу да өзү жүргүзөт. Бүгүнкү күнгө чейин ар кандай жаракат алган жардамга муктаж жапайы канаттуулар жана жырткычтар Мамэкотехинспекция тарабынан “Бугу-Эне” коомдук фондунун карамагына өткөзүп келген. Жогорку деңгээлдеги камкордук менен  жаныбарлардын  саламаттыгына көңүл бөлгөн фонддун жетекчиси  Салтанат Сеитовага Мамэкотехинспекция тарабынан терең ыразычылык билдирилди.

 Ошондой эле “Бугу-Эне” коомдук фондуна Мамэкотехинспекция  тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү.