Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

  Мамэкотехинспекциянын Алай жана Чон-Алай райондор боюнча региондор  аралык  башкармалыгынын демилгеси менен  машыгуу өткөрүлдү. Өрт коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулган окутуу  Алай райондук (ӨКМ) өрткө каршы бөлүмүнүн  жана Үй-Бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери менен биргеликте  Алай  районун Гүлчө айыл өкмөтүндө  жайгашкан Борбордук китепканада орун алды.  Өрт-тактикалык машыгуунун жүрүшүндө Борбордук китепкананын кызматкерлерине   учурда өлкө аймагында болуп жаткан кырсыктар боюнча маалымат берилип, коопсуздук  эрежелерин  сактоо боюнча  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.