Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

 Мамэкотехинспекциянын Сокулук жана Москва райондору боюнча региондор аралык башкамарлыгы тарабынан Сокулук райондук Крупская айыл өкмөтүнүн имаратында эмгекчилердин жумуш орундарында бөөдө кырсыктарды кыскартуу боюнча уюштуруу иш-чараларынын алкагында тегерек стол маеги болуп өттү.  Аталган жыйынга мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин, башчыларынын жана техникалык коопсуздук боюнча инженерлери катышты. Мамэкотехинспекциянын инспекторлорунун айтымында, коомчулуктун масштабдуу көйгөйлөрүн чечүү максатында эмгекти коргоо маданиятын өркүндөтүү керек.Андыктан дал ушундай иш чаралар байма-бай өткөрүлүп келет. Кошумчалай кетсек эмгекчилердин укугун коргоого байланыштуу жыйын Мамэкотехинспекциянын Сокулук жана Москва райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын Эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери бөлүмү тарабынан колго алынып, жогорку денгээлде өткөрүлдү.