Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл жана Тоӊ райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү браконьерликке каршы күрөшүү боюнча 2019-жылдын 04-октябрь айынан 31-декабрь айына чейин чыгарылган №104 ө/б буйругунун негизинде 04.10.2019-ж. Чолпон-Ата шаарынан Балыкчы шаарына чейин рейдттик иш-чара жүргүзүлдү. Рейд учурунда Чолпон-Ата шаарынын 1988-жылы туулган тургуну А.О. Джумаев аталган шаардан үйлөтмө балон кайыкта мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен кармалды. Кайыгында Ысык-Көлдүн 17 даана чебачек балыгы бар экендиги аныкталган жана №003347 протоколу түзүлүп, 1000 сом айып, 5151 сом доо коюлуп өндүрүлдү. А.О. Джумаевге балык уулоо мыйзамсыз экендиги тууралуу түшүндүрмө берилди. Мындан сырткары Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынан суудан 2 километрге жакын 30 даана кытайдын мыйзамсыз балык уулого салынган торлору чечилип, көл үстүнөн тазаланып, кескиленип жараксыз абалда таштанды таштоочу жайга жеткирилип ташталды.
Бүгүнкү күндө жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү браконьерликке каршы күрөшүүгө Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл жана Тоӊ райондору боюнча региондор аралык башкармалыктын инспекторлору күжүрмөн иш алып барууда.