Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын  30 жылдык мааракесине карата   “Тилим барда  улутмун, тилим  менен улукмун. Эне тили болбосо , аты аталбайт улуттун” - аттуу акция Мамэкотехинспекциянын Талас облустук региондор аралык башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү. Иш-чараны аталган башкармалыктын жетекчиси Э.Төлөбаев ачык деп жарыялап, кыргыз тилинде Ч.Айтматовдун чыгармасынан көркөм окуду. Башкармалыктын инспекторлору кыргыздын улуттук кийимдерин кийип келип, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Башкы инспекторлор Н.Абдылдаев жана  Н.Абдырахманов кыргыз тилине мындан ары дагы тийиштүү көӊүл бурулуп, келечекте өнүгүп, өсүүсүнө  тилектештигин билдиришти. Ошондой эле комуз менен  “Кыргыз көчү”, “Кыз кербез”, “Маш ботой” күүлөрүн жогорку чеберчиликте аткарышса, башкармалыктын  башчысынын орун басары Д.Бердалиевдин катышуусунда кыргыз тилинин азыркы учурдагы абалы тууралуу кыскача инсценировка аткарылды. Башкармалыктын жер көзөмөлү боюнча улук инспектору Ф.Ашыралиев кыргыз тили жөнүндө өз калеминен жаралган бир нече куплеттен турган  ыр саптарын тартуулады.

         Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси  А.С.Озекеева жана башка комиссия мүчөлөрү менен биргеликте Башкармалыктын ар бир кабинетте атайын жасалган баннерлерин жана башка жасалгаларын карап чыгып, жогорку баа беришти.