Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

    “Кыргыздын улуулугу анын тилинде”- аттуу кыргыз тилинин 30 жылдык мааракесине арналган иш-чара, Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Тагыраак айтканда, эне тилибиздин мамлекеттик тил мыйзамы болуп бекигенин инспекция быйыл өзгөчө белгилөөдө. Себеби, мамлекеттик кагаз иштери толугу менен кыргыз тилине өткөрүлүп, анда инспекторлор тилге болгон урмат сыйын жогорку көрсөткүчтө алып келе жатканын иш -чаранын жүрүшүндө калыстар тобу баса белгилей кетти. Ошондой эле эне тилге арналган салтанатта инспекторлор эки тайпага бөлүнүп, тилге байланышкан ар кыл багыттагы оюн-зоок, айтыш, көркөм окуу, табышмак, жанылтмач  айтып, кыргыз элинин баалуулугун даназалап, улуттун улуулугун көрсөтө алышты. “Үркөр” жана “Жетиген” аталыштагы эки топтун инспекторлору өз өнөрлөрүн күү чертүү, обондуу ыр аткаруу, манас айтуу жана кыргыз тилине арналган автордук ырларын көркөм окууда тартуулады. Салтанаттын соңунда КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик Тил боюнча улуттук комиссиясынын инспекцияны көзөмөлдөөчү өкүлү Мамэкотехинспекциянын кызматкерлерине ийгилик каалап, өз талантын мыкты көрсөтө алган инспекторлорго ыраазычылык билдирди. Ал эми Мамэкотехинспекциянын жетекчилиги инспекциядагы жүргүзүлүп жаткан ишмедүүлүк толук эне тилине өткөнү жакшы жыйынтык бергенин баса белгиледи.