Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

  Мамэкотехинспекциянын Каракол шаары ,Түп, Ак-Суу жана Жети –Өгүз райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын 09.09.2019 жылы №33-19/189 буйругунун негизинде 2019-жылдын 18-сентябырында браконьерлике каршы иш чара жүгүзүлүп, иштин жүрүшүндө Ысык –Көлдүн № 40 балык кармоо участогунан, көл жээктен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Ысык-Көл мамлекеттик коругунун корукчусу(Егерь) Султанбеков А.И. мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен кармалды. Текшерүү учурунда балык уулоого уруксат кагаздарын, тиешелүү документтерин көрсөтө алган жок жана кайыгынын ичинен 9(тогуз) даана Сига-Лудоги балыгы табылды. Корукчу Султанбеков А.И. жумуш үстүндө мас абалында болгон жана Мамэкотехинспекциясынын кызматкерлерине каршылык көргөзгөн. Мамэкотехинспекциясынын кызматкерлери тарабынан аныктоо актысы түзүлүп,иш материалдарды Түп райондук ички иштер башкармалыгына өтөрүлүп берилди жана ошондой эле 9(тогуз) даана Сига-Лудоги балыгы, моторлуу кайыгы Түп райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталды.