Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” жөнүндө Жарлыгын жүзөөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 Токтомун аткаруу максатында Мамэкотехинспекция тарабынан Баткен, Ош жана Жалал-Абад  облустарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө атайын семинар уюштурулду. Жыйын Мамэкотехинспекциянын Жердин колдонулушун жана корголушун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы А. Кенжебаева, Транспорттук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Г. Ибраимованын жана региондор аралык башкармалыктарынын башчыларынын жана Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Жолугушуунун негизги максаты Мамэкотехинспекциянын Жер багытындагы жана Транспорт чөйрөсүндогү коопсуздук чөйрөсүндөгү ишмердүүлүк туурасында кеңири маалымат берип, экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыздоодо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте тыгыз иш алып баруу болуп саналат. Жыйындын жүрүшүндө Жердин колдонулушун жана корголушун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы А. Кенжебаева жерлердин багытын которууда, мыйзамсыз берилген участокторду ирээтке келтирүүдө жергиликтүү бийлик дагы иш-аракеттерди алып баруусун белгилеп, бул багытта иштерди тынымыз жүргүзүү керектиги айтылды. Андыктан Аймактарды өнүктүрүү багытына арналган иш чаралар Мамэкотехинспекция тарабынан өлкөнүн баардык аймактарында өткөрүлмөкчү.