Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Кара-Балта шаары, Жайыл жана Панфилов райондору боюнча региондор аралык башкармалыгы
Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 17-июнь айында чыккан №22 “Өрт коопсуздугу жөнүндө” мыйзамынын ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-август күнүндө чыккан №381 «Өрт коопсуздугун алдын алуу жөнүндөгү” жобонун жана борбордук аппараттын 23-август күнүндө чыккан № 02-7/275 буйругунун негизинде, ири өлчөмдөгү материалдык чыгымдарды азайтууга, адамдардын коопсуздугун сактоого жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында мындан тышкары өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча Региондор аралык башкармалыктын өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча инспекторлору тарабынан Жайыл жана Панфилов райондорунун ӨКБ нүн өрт өчүрүү кызматкерлери менен биргеликте өрт коркунучу жогору болгон объектилерде (базар, соода борбору, оюн зоок борбору ж.б.) болуп, жетекчилерине ошол жерде эмгектенген жарандарга, өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, билдирүү баракчалары таратылууда.
Мындан тышкары Жайыл жана Панфилов райондорунун ӨКБ нүн өрт өчүрүү кызматкерлери менен биргеликте, өрт коркунучу жогору болгон объектилерде, өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча дайыма түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, кээ бир объектилерге (орто мектеп, базар, нефтебаза) жакынкы аралыкта иш чараларды (учения) өткөрүүнү мерчемдөөдөбүз.