Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

   Мамэкотехинспекциянын Талас облусу боюнча региондар аралык башкармалыгынын Жердин пайдаланылышын жана корголушун көзөмөлдөө, контролдоо бөлүмү тарабынан Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айыл Өкмөтүндө пландык текшерүү жүрүүдө. Ал эми Экология бөлүмүнүн иш-пландарынын негизинде Талас жаратылыш улуттук паркы Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан текшерилип, андан тышкары Талас токой чарбасы жана Бакай-Ата токой чарбаларында башкармалыктын инспекторлору тарабынан пландык текшерүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле, Талас шаарынын Мэриясынын буйругунун негизинде, 2019-2020-жылга күз-кыш мезгилине карата, калкты жылуулук менен камсыздоо максатында Талас шаар ичиндеги ишкана-мекемелер, мектеп жана бала-бакчалардын кыш мезгилине даярдыктарын Мамэкотехинспекция башкармалыгынын өнөр-жай жана энергетика көзөмөл бөлүмдөрү тарабынан текшерилип жатат.

Жогорудагы пландык текшерүүлөргө Талас региондор аралык башкармалыгы буйруктун негизинде баардык тармактар боюнча инспекторлор текшерүү жүргүзүүдө.