Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын башкы инспектору Кадыров Абдылда мамлекеттик кызматта 42 жыл талбай эмгектенип ардактуу эс алууга чыкты. Кадыров Абдылда эмгек жолун 1976-жылы Нарын облусунда өрттөн сактоо кызматында инспекторлуктан баштаган.Бул жылдар аралыгында жигердүү эмгектенип, бир канча ирээт коопсуздук багытында өлкөгө өз салымын кошуп келген. Кадыров Абдылда кырсыктардын тобокелдигин азайтууда Нарын облусунун бир канча аймактарында талбай эмгектенип, күтүүсүз келген өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салган кызматкерлердин алдынкы сабында турган. Бул жылдар аралыгында канчалаган өрт кырсыктары кабылса, дал ушул тилсиз жоо менен алышкан өрт очүрүүчү болуп саналган. Кадыров Абдылда өзүнүн эмгек тажрыйбасында кийинки өсүп келе жаткан муундарга үлгү болуп, аларга өз тажрыйбасынан алган коопсуздуктагы иш аракеттерди үйрөтүп келди. Өрттү алдын алууда жана аны менен күрөшүүдө 42 жыл тынымсыз эмгектенүү өтө чоң эрдик болуп саналат. Жалындаган тилсиз жоонун тизгинин тартып, аны менен аесуз күрөшүп келген Кадыров өзүнүн тарых жолунда бир канча эрдиктерди жаратып Нарын шаарынын ардактуу атуулу деп табылган. Абдылда Кадыровдун үлгүлүү эмгеги эске алынып, аны ардактуу эс алууга жөнөтөөрдүн алдында тарыхта калган эмгектери үчүн Мамэкотехинспекциянын директору Джунушев Джолдош Маликович төш белги менен сыйлады.

Андыктан, Урматтуу Кадыров Абдылда, Сизди мамлекет учун талбай эмгектенип өз салымынызды кошконунузга терең таазим этебиз. Үй-бүлөөнүз менен бакубат өмүр сүрүнүз. Биздин өлкөдө Сиздей мекенчил мырзалар көп болсун. Сиз биздин үлгүлүү ардактуу ардагерибиз болуп саналасыз!

 


Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Нарын шаары Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча региондук башкармалыгынын башкы инспектору Төрөбаев Абдубек Исакович мамлекеттик кызматта 43 жыл талыкпай эмгектенип ардактуу эс алууга чыкты. Төрөбаев мырза эмгек жолун Айлана чөйрөнү коргоо багытында баштап, дал ушул тармакта өз ишмердүүлүгүн тынымсыз жүргүзүп келди. Табигаттагы болгон тобокелчиликтерди алдын алып, кесепеттери менен күрөшүүдө Төрөбаев Абдыбек өзүнүн кесипкөйлүгүн так жана жоопкерчиликтуу аткарып келген. Дуйнө жүзү боюнча эң чоң мааниге ээ болгон жаратылыш коопсуздугу Кыргызстанда дагы алдынкы сапта турат. Экологияны жана андагы жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоодо дал ушул Төрөбаев Абдыбек мырзага окшогон канчалаган инспекторлор жигердүү кызмат кылып жүрөт. Бул жаатта өз ишин мыкты көрсөтүп жаратылышты коргоодо бир канча эмгек жаратканы үчүн мамлекетке ак ниеттүүлүк менен кызмат кылып Айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери наамы менен сыйланган. Абдыбек Төрөбаев Мамэкотехинспекцияда жоопкерчиликтүү эмгектенип өз ишин үлгүлүү көрсөтүп келген инспектор катары ага Мамэкотехинспекциянын директору Джунушев Джолдош Маликович Инспекциянын отличниги деген наамды тапшырды.
Андыктан Төрөбаев Абдубек Исакович, Сиздин мамлекетке сиңирген эмгегиниз бизге дагы чон сыймык.Үй-бүлөнүз менен ден-соолукта болуп, бакубат турмушта өмур сүрүшүнүзгө тилектешпиз!