Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

Жайкы туристтик сезондун башталышы менен Ысык-Көл облусуна туристтердин агымы арбыйт. Келген эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында аталган облус аймагында иштетилип жаткан суу транспорттору ээлерине Мамэкотехинспекциянын транспорттук коопсуздук чөйрөсүндө контролдук жана көзөмөлдөө башкармалыгынын инспектору тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын алкагында Ысык-Көл районунда жайгашкан муниципиалдык пляж, “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Бостери” (Алтын-Кум) эс алуучу жайларында кызмат көрсөтүп жаткан суу транспортторунун ээлерине жана ал кызматты колдонуп жаткан эс алуучуларга тиешелүү эрежелер тааныштырылды. Ошондой эле аталган техникаларды каттоодон өткөрүү талаптары дагы бир ирээт эскертилип, тиешелүү тараптарга бул багытта алгылыктуу иштерди алып баруу боюнча тапшырма берилди. Ошондой эле кимде-ким суу транспортун техникалык кароодон өткөрө элек болсо, Мамэкотехинспекциянын суу транспорттук көзөмөлдөө жана коопсуздук чөйрөсүндө контролдук жана көзөмөлдөө  бөлүмүнө келип кароодон өткөрүүнү маалымдайбыз!