Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

          Кыргызстандагы өзгөчө коргоого алынган Сары-Челек көлү Мамэкотехинспекция тарабынан текшерүүгө алынууда.

               Тагыраак айтканда Сары-Челек коругуна буга чейин эле көзөмөл жүргүзүлүп турганы менен андагы жаратылыш коопсуздугуна байланыштуу тийиштүү иш-аракеттер инспекция койгон талаптарга толук жооп бербей келет. Жаз мезгилинен тарта аталган корукка келген туристердин саны өсүп, сууга түшүп, суу транспорттору менен Сары-Челек көлүнүн аймагын кыдырышат. Ал үчүн туристердин коопсуздугун камсыздоо жогорку денгээлде болуусу шарт. Бирок мындай шарттар эс алуучулар үчүн толук түзүлбөй келет. Себеби дал ушул суу үстүндө жүргөн суу транспортторунун абалы тийиштүү талаптарга так жооп бербейт. Бул багытта атайын Мамэкотехинспекциянын транспорттук коопсуздукту көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору Сары-Челек коругун көзөмөлдөп жаткан тармакка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен биргеликте экологияны жана бул аймака атайын келип жаткан эс алуучулардын шартын жана коопсуздугун тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле аталган корукта эмгектенип жаткан ишкерлерге экологиялык жана техникалык багыттагы атайын кыска мөөнөттөгү окутууларды жүргүзүштү. Мындай окутуу жана түшүндүрүү иштери инспекция тарабынан өлкөнүн баардык аймактарында жүргүзүлүүдө.