Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

           Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан  “Кош-Тегирмен” подстанциясына  Жайыл районунун Чукул кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте окутуу  (учения) өткөрүп, өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган иш-чараны Мамэкотехинспекциянын Кара-Балта шаары, Жайыл жана Панфилов райондору боюнча региондор  аралык башкармалык тарабынан ири өлчөмдөгү материалдык чыгымдарды азайтууга, адамдардын коопсуздугун сактоого жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу, өрт коопсуздугун алдын алуу максатында өткөрүлдү.  Бул иш аракеттер Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 17-июнь айында чыккан № 22 “Өрт коопсуздугу жөнүндө” мыйзамынын ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-август күнүндө чыккан № 381  «Өрт коопсуздугун алдын алуу жөнүндөгү” жобонун негизинде ишке ашырылды.

         Мындан тышкары бүгүнкү күндө Мамэкотехинспекциянын башкармалыгынын ички буйругунун негизинде талаа жерлерине барып, эгин жыйноочу комбайн, трактор айдоочуларына өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча текшерүү иштерин түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.