Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

Мамэкотехинспекциянын директору Джунушев Джолдошбек Маликовичтин жетекчилиги астында 6 ай ичиндеги аткарылган иштеринин жыйынтыгы тууралуу коллегия болуп өттү. Ага Мамэкотехинспекциянын өлкө боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты. Коллегиянын жүрүшүндө 2019-жылдын биринчи жарым жылы ичиндеги аткарылган коопсуздук багытындагы иштердин отчету берилип, жыйында экологиялык жана техникалык коопсуздук багытындагы бир катар маселелердин аткарылганы тууралуу айтылды .Тагыраак айтканда, жаратылышты коргоо, курулуштардагы коопсуздуктарга бөгөт коюу, өнөр жай жана тоо кен тармагындагы кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жерлерди көзөмөлдөө, өрт кырсыктарын алдын алуу, суу ресурстарын туура пайдалануу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо, метрологиялык көзөмөл, уулу заттардын кесепеттерин жоюу маселелеринин аткарылышы жана аларды мыйзам чегинде көзөмөлдөө кандай жүрүүдө,бул тууралуу коллегиянын жүрүшүндө маселелер көтөрүлдү. Азыркы тапта коопсуздуктарды алдын алууда жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерди күчөтүп, экологиялык жана техникалык коопсуздук тармагын жакшыртуу пландары коллегиянын жүрүшүндө айтылды.