Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Дж.М. Джунушев жана директордун орун басары Р.С. Артыкбаев 2019-жылдын 18-20 мартында Баткен жана Ош облусунун аймагындагы региондор аралык башкармалыктардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Кызматтык иш-сапар алкагында Баткен облусундагы көмүр кен казган ишканалардын иши менен жакындан таанышып, кемчиликтерди жойуу боюнча эскертмелер берилди. Ошондой эле Сүлүктү шаарынын райондук ооруканасынын саркынды сууларды тазалоо курулмасынын иши менен, Кадамжай сурьма комбинатынын уулу заттарды сактоочу жайынын абалы менен, ошондой эле облустун аймагындагы өнөр-жай жана тиричилик калдыктарын жайгаштыруучу жайлардын абалы менен таанышты. Баткен облусунун Кадамжай районунун Шамбесай кенинин айланасында болуп жаткан маселелерди жеринде көрүп таанышуу максатында Майдан айылынын жергиликтүү жашоочулары менен жолугушту.

Ошондой эле, Баткен жана Ош облусундагы региондор аралык башкармалыктардын кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүп, экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышынын көзөмөлүн күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.