Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

Бүгүн, Мамэкотехинспекция тарабынан Бишкек шаарында жайгашкан майып балдарды социалдык жактан коргоо реабилитациялык борборуна материалдык жардам көрсөтүлдү. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Дүйнөлүк Социалдык Адилеттүүлүктүн бир айлыгы жөнүндөгү токтомун аткаруу максатында ишке ашырылды. Аталган иш-чарага ылайык Мамэкотехинспекциянын борбордук аппаратынын бүткүл кызматкерлери майып балдарды колдоо максатында, өз ыктыяры финансы каражатын чогултушуп, реабилитациялык борбордун жетекчилигине тапшырышты. Реабилитациялык борбордун кызматкерлердин айтымында, аталган борбордо тубаса майыптар окуганды, жазганды үйрөнүшөт. Коомчулукка аралашуу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөт. Кошумчалай кетсек, Мамэкотехинспекция тарабынан ар убак ушундай өнүттөгү социалдык жактан жабыркаган, колдоого муктаждарга, майып, улгайган мүмкүнчүлүгү чектелеген мекендештерибизге колдон келген жардамдарын берип келишет.