Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

Мамэкотехинспекциянын директору Джунушев Джолдошбек Маликович Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесиндеги карыларды майрамы менен куттуктап, басууга көмөктөшүүчү чыгырыктарды тапшырды. Өз кезегинде Джолдошбек Джунушев эзелтеден кыргыз эли “Карысы бардын-ырысы бар” деп улуу адамдарга өзгөчө сый-урмат жасап келишкендигин айтып, карылардын басып өткөн байсалдуу жолун, элибиздин келечеги үчүн жасаган эмгектерин бийик баалап, эч качан унутпашыбыз керектигин баса белгиледи. Ошондой эле, бүгүнкү күндө өсүп келе жаткан муундарга мындай улуу салтыбыздын өз маани-маңызын сактап, үйрөтүшүбүз керектигин кошумчалады. Мамэкотехинспекциянын директору Джолдошбек Джунушев жана Мамэкотехинспекциянын жалпы кызматкерлери ырысыбызга шерик болгон кутман карыларыбызга чын ден-соолук, узун өмүр жана бакубат турмушта өмүр сүрүшүн каалайт.