Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

Мамэкотехинспекциянын Нарын шаары, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан  Ат-Башы районунун Ат-Башы базарынын аймагына таштандылар башаламан төгүлүп жаткандыгы туурасында маалымат келип түшкөн. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору жеринде текшерүүгө алганда базардын аймагын тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жаткандыгына карабай айрым соода-сатык кылган жарандар акыр-чикирлерди таштап жаткандыгы туурасында белгилүү болгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө инспекторлор базардын жетекчисине таштандыларды убагында тазалоого, таштанды таштоого жол бербɵɵгɵ жана тийиштүү жерлерге эскертүү такталарын орнотуу боюнча эскертмелерди беришти. Ошондой эле, Мамэкотехинспекциянын адистери  Ат-Башы айыл ɵкмɵтүнɵ ишембилик өткөрүү иштерин колго алып, тийиштүү аймактарды таштандылардан тазалоо жана ирээттөө тапшырмасын коюшту.