Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү менен Кыргызстандыктарды жана жалпы Мамэкотехинспекциянын эмгек жамаатын чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаралышы кыргыз элинин тарыхындагы эн маанилүү окуялардын бири. Анткени мындан туура 27 жыл мурун дүйнөнүн саясий картасында жаңы мамлекет-Эгемендүү Кыргызстан пайда болгон. Бул убакыт аралыгында өлкөбүз өнүгүү жолуна карай багыт алып, мамлекеттүүлүктү бекемдөө максатын көздөп келе жатат.  Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында көптөгөн окуялар болууда.  Өйдө-төмөн, алдыга жылыштар да болуп жатат. Канткен күндө мунун бары биздин мекенибиз, эгемендүү Кыргызстанда болууда.   Биз бир өлкөнүн жарандарыбыз. Биздин мекенибиз дал ушул жерде, ак мөңгүлүү Ала-Тоонун койнунда. Биздин ыйык милдетибиз – ушул ажайып-кооз жерибизди, кеңпейил элибизди,  желбиреген  желегибизди, кашык каныбыз калганча коргошубуз абзел. Учурда бир аз кыйынчылыктар болгону менен, мен ойлоймун жакын арада Кыргызстаныбыз экономикасы тез өнүгүп жаткан мамлекеттердин катарына кошулат.  Биз ата-бабаларыбыздан калган салттарыбызды, үрп-адаттарыбызды сактап, дагы миңдеген жылдары кыргыз эли эгемендүүлүктө жашайт деп ишенемин. Мен үчүн эгемендүү мамлекетте жашоо баа жеткис байлык. Ата-бабаларыбыздан калган ыйык жерибизди, эгемендүүлүгүбүздү бизден кийинки урпактарга сактап, өткөрүп берүү, бул эң чоң жоопкерчилик. Бардыгыңыздарды, эгемендүүлүгүбүздү сактап баалоого умтулууга чакырамын.  Эгемендүүлүктун арты менен биздин мамлекет алдыга жылып, көптөгөн ийгиликтерди багынтуусу керек деп ойлоймун. Өлкөбүздүн жаркын келечегинин түптөөдө андагы жашап жаткан жарандардын коопсуздугун алдын алуу, жарытылышын коргоо, кен-байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу негизги милдеттерден болуп саналат.   Мамлекетибиздин коопсуз өнүгүп-өсүүсүнө ар бирибиз өз салымыбызды кошууга тийишпиз Урматтуу Кыргызстандыктар жана Мамэкотехинспекциянын  кызматкерлери, Сиздердин иштериңиздерде ийгилик, чын ден-соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөңүздөр менен  бейпил турмушта узун өмүр сүрүшүңүздөрдү каалаймын. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык, биримдик жана ынтымак болсун! Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун.

 Урматтоо менен директор Джунушев Джолдошбек Маликович.