Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

   МАМЭКОТЕХИНСПЕКЦИЯ!

Жайкы туристик сезондо эс алуучулардын коопсуздугу биринчи кезекте көзөмөлгө алынышы керек. Бул туурасында бүгүн Мамэкотехинспекциянын директору Джунушев Джолдошбек Маликовичтин Ысык-Көл облусундагы коопсуздукту алдын алуудагы иш аракеттеринин жүрүшүндөгү иш сапарында баса белгиленди. Белгилүү болгондой, жайкы эс алуу учурунда Ысык-Көл жергесине миллиондогон эс алуучу келип эс алып, ден-соолуктарын чындап кетишет. Алардын коопсуздугуна тыкыр көзөмөл салып, андагы эс алуу жайларынын коопсуздук багытындагы талаптары толук кандуу жооп бериши керектигин директор кошумчалады. Себеби Мамэкотехинспекция бүгүнкү күндө конокторду кабыл алуучу жайлардын ар бир багытын, тагыраак айтканда өрт коопсуздугун, экологиялык коопсуздукту, техникалык коопсуздукту жана табигаттагы ар кандай күтүүсүз кырдаалдарды алдын алууда көзөмөл жүргүзөт. Буга мисал катары аталган иш сапардын алкагында, Мамэкотехинспекциянын инспекторлору менен ӨКМ министрлигин өрткө каршы кызматкерлери биргелешип Ысык-Көл өрөөнүндө жайгашкан эс алуу жайларынын биринде өрт коопсуздугуна карата атайын күтүүсүз машыгуу өткөрүштү. Анда кокус күтүүсүз кырсык катталып кала турган болсо, аталган жайдын кызматкерлери эс алуучулардын жана өзүлөрүнүн коопсуздугун сактоого канчалык денгээлде даярдыктарын көрсөтө алышты. Машыгуунун сонунда Мамэкотехинспекциянын директору Джунушев Джолдошбек Маликович Мамэкотехинспекциянын талаптарын аткарууда коопсуздукка жана адамдын саламаттыгына ар бирибиз олуттуу көнүл буруп коопсуздукту жапа тырмак сактайлы деп белгиледи.Ошондой эле айлана чөйрөнү коргоо багытында жана экологияны таза кармоо, сезондо келген конокторду тозуп алууда коопсуздукка ар бирибиз жоопкерчиликтүү мамиле жасообуз керек деп баса белгиледи.