Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Лебединовка айылында жайгашкан чакан электр станциясында жабдыктарды жаңылоо керек. Себеби жабдыктардын эскилиги жетип,  жаңылоо 70 жылдан бери жүргүзүлгөн эмес. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын  энергетикалык коопсуздук башкармалыгынын кызматкери Марлис Өмүралиев билдирди.  Анын айтымында электр чордондорун текшерүү иштери жылына 2 жолу жүрөт. Ага ылайык ишканаларда жабдыктардын техникалык абалын,  документтер жана  оңдоо иштери жүрүп жатканы текшерилет. Эгерде электр чордондорунда техникалык нормаларды бузуу аныкталса, 30 күндө аны жоюу боюнча эскертмелер берилет. Талаптар убагында аткарылбаса мыйзам чегинде административдик чаралар көрүлөт. Ал эми Лебединовка чакан электр чордонунда жабдыктар жаңылоого муктаж. Тетиктер боюнча маселелер бар, себеби бул электр чордонундагы тетиктер эч жерде чыгарылбайт. Ага карабай Лебединовкадагы электр чордону ишмердүүлүгүн үзгүлтүккө учуратпай иштеп жатканын Мамэкотехинспекциянын өкүлү белгиледи.