Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Мамэкотехинспекциянын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча аймактык башкармалыктын жер ресурстарын мыйзамсыз пайдалануу боюнча жүргүзгөн рейд учурунда экологиялык коопсуздук боюнча инспекторлору тарабынан Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айыл аймагында Кара-Көл шаарынын М.А. жана А.А. аттуу жарандары кум, шагыл алуу үчүн Кара-Суу дарыясынын жээгинен жер кыртышын бузушуп кум, шагыл казып алууну уюштурушкандыгы аныкталды. Бул факт боюнча жеринде протокол, акт түзүлүп К.Р. “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 177 беренесинин негизинде айып салынды.Ошондой эле КР Өкмөтүнүн 07.09.2004ж. №668 Токтомунун негизинде жер кыртышына келтирген зыян үчүн 4750сом доо коюлуп, айып доолор Мамэкотехинспекия тарабынан мамлекеттин эсебине толугу менен өндүрүлдү.