Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Бүгүн Мамэкотехинспекциянын статс-катчысы Таалайбек Асылбеков баш болгон өкүлдөр Орусия Федерациясынын экологиялык, техникалык жана атомдук көзөмөлдөө кызматынын делегаттары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана бекемдөөнүн жолдору талкууланды. Ошондой эле эки тараптуу тажрыйба алмашуу маселеси каралып, жакынкы күндөрү оң жака чечилээри мерчемделүүдө. Жолугушуунун жүрүшүндө Таалайбек Асылбеков Кыргыз тарап Орусия мамлекети менен болгон кызматташтыкты ар убак бекемдөөгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Ошондой эле Мамэкотехинспекциянын адистери Орусиялык кесиптешеринин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуусу боюнча талкуу жүргүзүлдү. Айрыкча курулуш тармагында, радиация, тоо-кен тармактарында тажрыйбалуу адистердин керектиги учурдун талабы экенин баса белгиленди. Андыктан мындай абалды жөнгө салууда, эки мамлекет ортосунда тажрыйба алмашуу чоң натыйжа берээрин Мамэкотехинспекциянын статс-катчысы Таалайбек Асылбеков айтып өттү.