Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Мамэкотехинспекциянын Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Талас шаарынын «Таза Суу» муниципалдык ишканасынынын мыйзам бузуу менен иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Басма-сөз кызматы билдирет. Ага ылайык, 2016-жылдын 24 мартында контролдук текшерүү учурунда,  Кыргыз Республикасынын Айлана чөйрөнү коргоо мыйзамынын 13,23,47,51-беренелерин бузуу менен пайдалануудан чыккан булганыч сууларды сыртка агызууга, жаратылышты пайдалануу үчүн уруксат алынбагандыгы үчүн №0007540 протоколу түзүлгөн, №0007436 токтом чыгарылып  КР административдик чара жөнүндө кодекстин 167 беренесинин негизинде 30000сом айып да салынган. Өз кезегинде, «Таза Суу» ишканасы салынган айыптын мыйзамдуулугун карап берүү үчүн Талас облусунун райондор аралык сотуна арыз менен кайрылган. 2016-жылы 10 июнда соттук териштирүүдө Талас облусунун экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн протокол,токтом мыйзамдуу деп табылып, ишкана Мамэкотехинспекция койгон талапты аткарууга милдеттендирилди.