Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Мыйзамсыз балык уулоо менен алектенгендер аныкталды. 2020-жылдын май айынын 11-15 күндөрү, жергиликтүү калктын кайрылуусунун негизинде Нарын р-н аймактарында Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан рейд уюштурулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 токтому менен бекитилген эрежени бузуп, балык уулап жүргөн жарандар кармалып, Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексининин 195-беренесине ылайык айып пулдар салынды. Инспекторлордун айтымында, мыйзамсыз балык кармоо туура эместигин жергиликтүү калк талапты туура түшүнсө дагы, мыйзам бузууга барууда. Бул жаатта жергиликтүү тургундарга тынымсыз түшүндүрүү, алдын-алуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгын адистер билдиришет.

 

 

Мамэкотехинспекциянын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча региондор аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык улоого каршы рейд жүргүзүлдү.Текшеруудо 3000 метр мыйзамсыз салынган торлор чыгарылып жок кылынды. Андан сырткары мыйзамсыз балык уулаган жараан аныкталып, жеринде мыйзам чегинде чаралар корулду.