Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Директор Госэкотехинспекции

Сиз директор Джунушев Джолдошбек Маликовичке кат менен кайрыла аласыз

 

 Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу району боюнча региондор аралык башкармалыгынын суу ресурстарын жана объектилерин контролдоо, көзөмөлдөө боюнча башкы инспектору Э.Турсуналиев Кара-Суу районунундагы Ош бассейндик Суу чарба башкармасына (ОБСЧБ) караштуу Кайрыма таштама каналдын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды алдыруу боюнча маалымат билдирет.

 Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак аймагынын Ош бассейиндик Суу чарба башкармасына (ОБСЧБ) караштуу Ош шаарынын күн батыш тарабында Кайрыма таштама каналынын жээгинде (суу коргоо зонасында) мыйзамсыз жайгашкан “Байбол” (Западный) базары, башкача айтканда, (8) сегиз май алмаштыруучу жай, 3 ашкана, 2 авто унаа жуучу жай, 3 авто унаа оңдоочу устакана жалпысынан алганда 71 контейнер (соода түйүндөрү) жана убактылуу күркөөлөрдү алдыруу боюнча Кара-Суу району боюнча аймактар аралык инспекторлору тарабынан Ош областынын райондор аралык сотуна берилди. Ош областынын райондор аралык сотунун 2019-жылдын 9-августундагы Иш №ЭД-617-19-МО чечиминин негизинде “Байбол” (Западный) базарынын жеке ишкери  А.К.Сулаймановго өз эсебинен чыгарып, жердин абалын мурунку абалга келтирүүсү милдеттендирилип, азыркы учурда Кайрыма таштама каналынын жээгиндеги “Байбол” (Западный) базарынын бардык соода түйүндөрүнүн курулмалары бузулуп алынды жана Кайрыма каналынын суу корук зонасы тазаланып өз калыбына келтирилди. Ал жерлерде Ош мэриясы менен биргеликте эс алуучу жай проектилери түзүлдү.

    “Кыргыздын улуулугу анын тилинде”- аттуу кыргыз тилинин 30 жылдык мааракесине арналган иш-чара, Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Тагыраак айтканда, эне тилибиздин мамлекеттик тил мыйзамы болуп бекигенин инспекция быйыл өзгөчө белгилөөдө. Себеби, мамлекеттик кагаз иштери толугу менен кыргыз тилине өткөрүлүп, анда инспекторлор тилге болгон урмат сыйын жогорку көрсөткүчтө алып келе жатканын иш -чаранын жүрүшүндө калыстар тобу баса белгилей кетти. Ошондой эле эне тилге арналган салтанатта инспекторлор эки тайпага бөлүнүп, тилге байланышкан ар кыл багыттагы оюн-зоок, айтыш, көркөм окуу, табышмак, жанылтмач  айтып, кыргыз элинин баалуулугун даназалап, улуттун улуулугун көрсөтө алышты. “Үркөр” жана “Жетиген” аталыштагы эки топтун инспекторлору өз өнөрлөрүн күү чертүү, обондуу ыр аткаруу, манас айтуу жана кыргыз тилине арналган автордук ырларын көркөм окууда тартуулады. Салтанаттын соңунда КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик Тил боюнча улуттук комиссиясынын инспекцияны көзөмөлдөөчү өкүлү Мамэкотехинспекциянын кызматкерлерине ийгилик каалап, өз талантын мыкты көрсөтө алган инспекторлорго ыраазычылык билдирди. Ал эми Мамэкотехинспекциянын жетекчилиги инспекциядагы жүргүзүлүп жаткан ишмедүүлүк толук эне тилине өткөнү жакшы жыйынтык бергенин баса белгиледи.