Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Ош облусунун Ош шаарындагы таштандыларды төгуучу жайга көчүп келип алып тиричилик жүргүзүп жаткандар болсо,ал эми таштандылар төгүлгөн участок, күн жылыган сайын коркунуч жаратып келүүдө.Ош шаардык тазалык ишканасына текшерүү менен келген Мамэкотехинспекциясынын адистеринин айтымында, бул жайга бир нече ирээт текшерип келип,так мусордун ортосуна вагон суйроп келип жаш балдары менен тиричилик өткөрүп жаткан мажбурлап чыгарууга аргасыз болушкан. Себеби Бурул Байышеванын үй-бүлөсү көп убакыттан бери жашап келип алтургай чочко багып алышкан. Учурда Ош-Баткен жолун бириктирген автоунаа өтүүчү жайга чукул жайгашкан таштанды полигонун башка жерге көчүүрүүнү Мамэкотехинспекциянын Ош шаардык башкармалыгы эскертишти. Азырынча Ош тазалык ишканасы мусор полигонунун маселесин чечкиче Мамэкотехинспекция ар апта сайын келип текшерүүгө алып турууда.Себеби адистердин айтымында бул жай,күн катуу ысыган маалда айланасына кооптуу абал жаратып,ар кандай оору,сыркоолорду алып келет дешет.

Ош облусунун Алай районунун таштанды таштоочу полигону толугу менен тазаланып бүттү. Эми буга чейин акыр-чикир төгүлүп келген жай жашылдандырылып,көчөттөр отургузулат.Ал эми таштанды төгүүчү жай, аймактан алыс бир топ чакырым жерге төгүлүп, тазалык толугу менен сакталууда. Жергиликтүү бийликтин айтымында,буга чейин Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери эскертүү кагаздарын берип, таштанды таштоочу жайды көчүрүү боюнча эскерткен. Эскертмелердин негизинде иштер аткарылды деп кошумчалашты Тазалык ишканасынын өкүлдөрү. Экологияны коргоодо бир гана көзөмөл жүргүзүүчү тарап эмес, жапа тырмак киришели деген ураан менен бүгүнкү күндө Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери жаратылышка болгон мамилени аярлоо иштерин күчөтүүдө.