Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Нарын региондук инспекциянын кызматкерлери тарабынан таштанды таштоочу жайды тазалоо боюнча текшерүү жургүзүлдү.  Текшерүүдө Нарын районуна караштуу Жылан-Арык  айылынын  чекесинде таштандылар тазаланбай,  жергиликтүү тургундарга зыян алып келээрин  жер адиси   Нааматов  Рахатка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп  26.05.2016жылы  №0007772 санындагы протокол түзүлдү. №0008276 сандагы токтом чыгарылып 1000 сом өлчөмүндөгү административдик айып салынып толугу менен мамлекеттин эсебине өндүрүлдү.

 

 

 

 

Нарын районунун Доболу айыл өкмөтүнө караштуу  Кеңеш айылынын тургуну Кадыров Омурбек өзүнө тиешелуу жерин мыйзамдан тышкаркы кылып казып жер кыртышын бузгандыгы үчүн 25.05.2016 жылы  № 0010338 санындагы протокол түзүлүп,

 № 0005929- токтом чыгарылды, №184 берененин негизинде  1000 сом административдик айып жана 3840 сом доо коюлуп толугу менен өндүрүлдү.