Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

 

  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан 2014 жылдын ноябрь айында Базар-Коргон районуна Талды-Булак айыл өкмөтүнө  караштуу Каба токой чарбасында мыйзамсыз токой кыркуулар аныкталып, Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнө 175344,61 сом материлдык зыян келтирилгендиги боюнча материалдар Жалал-Абад райондор аралык сотуна өндүрүп берүү үчүн берилген. 2016 жылдын 04- апрелинде Каба токой чарбасынан аймактык башкармалыктын пайдасына келтирилген зыянды толугу менен өндүрүү боюнча акыркы жыйынтык чыгарылып, № ЭД-443/14МД сандуу аткаруу баракчасы Базар-Коргон райондук соттук аткаруучулар бөлүмүнүн улук соттук аткаруучусуна аткарууга берилди.

      Ошондай эле, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областтык түштүк жангакчылык жана мөмө өсүмдүктөр институтуна караштуу Ак-Терек бөлүмүндө мыйзамсыз кыркылган Бака теректерге келтирилген материалдык зыянды өндүүрүү  боюнча Жалал-Абад райондор аралык сотунун

Иш №ЭД-53/16МД 05.04.2016ж. чечиминин негизинде аймактык башкармалыктын пайдасына келтирилген зыянды 38716,49 сом өндүрүү үчүн чыгарылган аткаруу баракчасы, Жалал-Абад шаардык соттук аткаруу кызматынын улук соттук аткаруучусуна өндүрүү үчүн берилди. 

 

 

 

Мамэкотехинспекциянын  Нарын региондук инспекциянын кызматкерлери тарабынан  өрт коопсуздугу боюнча  текшерүү учурунда  Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы “Бактылуу бала” бала бакчасынын  от жагылуучу мешинин түтүн чыгуучу морундагы өрт коопсуздук  аралыгы, эреженин талабына ылайык келбегендиги аныкталды. Орнотулган өрт өчүрүүчү щит алгачкы өрт өчүрүүчү куралдар менен толугу менен жабдылбаган   абалда болгон. Аныкталган кемчиликти четтетүү багытында бала бакчанын директору Чакиева Жээнбүбүгө   09.06.2016жылы  № 0021857 санындагы    жазма буйрук берилди. Коюлган талаптар аткарлыбаса Мамэкотехинспекция тарабынан катаал чаралар көрүлөөрү белгиленет.