Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

                                   

 Бүгүнкү күндө республика аймагында жайгашкан базарлардын өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана талаптарынын жыл сайын аткарылбай келгендигинин натыйжасында чоң өрттөр, ошондой эле чоң суммадагы материалдык чыгымдар катталып турат. 

  Мисалы  2015 жылы соода жана өндүрүш түйүндөрүндө 179 өрт кырсыгы катталып, эки адам каза болгон, жана 70 милион 497миң сом материалдык чыгым катталган. Бүгүнкү күнгө чейин өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана талаптарынын аткарылбай келгендигинин себебинен, ошондой эле одоно бузулушунуна байланыштуу Баткен обласынын Исфана шаарында жайгашкан “Лейлек керек-жарак кооперативи” “Береке” жана “Лейлек базарлары” жеке ишкер К.Орозбаевке тиешелүү болуп саналат. “Лейлек базарларында” 2016 жылдын 20-май күнү өрт кырсыгы катталды.  Аталган базарда катталган өрттүн аянтты 4960 чарчы метр. Өрттүн кесепетинен жеке ишкерлердин: 53 соода түйүнү жана 2 павилион 15 ашкана өрттөнүп кеткен.

 Ошондой эле 22-майдан 23-майга караган түнү 23 саат 49 мүнөттө Базар-Коргон районнундагы Базар-Коргон айылында жайгашкан «Жаркынай» борбордук соода базарында өрт кырсыгы катталган.

Өрт кырсыгынын кесепетинен болжол менен базардын 2000 (эки миң) чарчы метр жери күйгөн.

Өрттүн сүрөттөрү тиркелген.

      

МАМЭКОТЕХИНСПЕКЦИЯ! Жыл сайын жүргүзүлгөн текшерүүлөргө жана көрүлгөн чараларга карабастан өрт коопсуздук талаптар өз деңгелинде аткарылбай келет, анын ичинен коопсуздука түздөн-түз таасир бере турган  одоно эреже бузууларды атай кетүү керек. Алсак өрт өчүрүүчү техникалар өтүүчү жолдордун жоктугу, өрт гидранттардын ар кандай киоск жана тосмолор менен тосулуп калышы, химиялык заттардын жана материалдардын сактоо тартибинин бузулушу, электр түйүндөрдү жана жабдууларды эксплуатациялоодо жана монтаждоодо электр жабдуулардын түзүлүштөрүнүн эрежелеринин бузулушу.

   Жогорудагыдай жагдайлардын келип чыгышынын себептери болуп, ишкерлердин пайда көрүү максатында соода аянттарын кеңейтүүсү, кээ бир учурларда өрт коопсуздук эрежелеринин билбестиктен эрежелер бузулуп жатат. Базарлардын администрациялары жана өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан базарлардын чек аралары, өрткө каршы шарттары жана долбоор документтери техникалык регламенттерге жана башка номативдик техникалык документтерге жооп берүүсү өз деңгелинде контролдобой жаткандыгынан келип чыгып жатат.    

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясы өрт коопсуздук эрежелердин талаптарын сактоону эскертет, соода сатык мекемелерде төмөнкү эрежелерди кармоону сунуштайт:

-өрт өчүрүүчү бөлүктөрдүн баардык бөлмөлөргө, өрт өчүрүүгө багытталган суу булактарына, жолдорго дайыма тоскоолсуз  барууга шарт түзүлсүн;

Электржабдууларын монтаждоодо жана эксплуатациялоодо эрежелердин сакталышы,  

-өрт өчүрүүчү жабдыктарды (өрт калкандары, огнетушитель), өрт өчүрүүгө багытталган суу булактарын (өрт өчүрүүчү крандар, суу көлмөлөр, гидранттар) техникалык жактан дайым оң абалда кармоо;

-өрткө каршы шарттары орнотуу, өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышын дайым көзөмөлдөп туруу, өрт-техникалык билимдерин текшерип жана окутуп туруу.

Жогоруда айтылган талаптардын аткарылышы өрт кырсыгы  менен күрөшүүгө чоң жардамы тийет.

Дагы эскерте кетчү нерсе, өрт коопсуздук эрежелеринин талаптарын бузгандарга кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дисциплинардык , административдик жана башка жоопкерчилике тартыла тургандыгын эскертет.

 

 

Мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча региондук башкармалыктын №26 буйругунун негизинде Сузак районунун Кара-Алма токой чарбасына караштуу Сузак токой бөлүкчөсүндөгү мисте жана бадам токойлорун азыркы мезгилде малак курттар (жылдыз курт) каптап токойду жеп зыян алып келүүсү аныкталды. Мындай көрүнүш 2014-2015-жылдары дагы болгон. Токойлор жылдан жылга куурап, арасы суюлуп келүүдө. Токой чарбалары зыянкечтерге каршы өз убагында пландуу иштерди жүргүзбөгөндүктөн жыл сайын ушундай көрүнүштөр кайталанып, зыянкечтер токойлорду жеп кууратып жатат. 
Мындан сырткары текшерүү мезгилинде Көк-Жангак токой бөлүмчөсүнүн Сары-Булак жана Ак-Терек участкаларында жер кыртышы (90м2) бузулгандыгы аныкталды, бул көрүнүш боюнча башкармалык тарабынан административдик укук бузуу боюнча №0008731 протоколу түзүлүп 6300 доо коюлду. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кара-Алма токой чарбасынын жетекчилигине тийиштүү чаралар колдонулат.