Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

           Мамэкотехинспекциясынын Нарын шаары, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо райондору боюнча региондук башкармалыгы тарабынан пландан сырткары текшерүү учурунда Ат-Башы районунун Талды Суу айылында   Осмоналиев атындагы  орто мектептин курулуш ишинде  иштеп жаткан ОсОО "Мерибелл Текстиль Иншаат" Бишкек курулуш фирмасы Р-20 кВт/с электр энергиясына Техникалык шарт (ТУ) жана кошуу нөөмөтү (Наряд на подключения) жок колдонуп жаткандыгы аныкталды. Ага ылайык фирманын прорабы Н. Итибаевге № 0007688 сандуу протокол түзүлгөн, электр энергияга тийиштүү документтерин карабастан кошкон Ат-Башы РЭТнин жооптуу кызматкери  Ж.Монолбаевге дагы №0007726 сандуу протокол түзүлүп,  административдик чара көрүлдү.

 

 

Мамэкотехинспекциянын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча аймактык башкармалыктын жер ресурстарын мыйзамсыз пайдалануу боюнча жүргүзгөн рейд учурунда экологиялык коопсуздук боюнча инспекторлору тарабынан Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айыл аймагында Кара-Көл шаарынын М.А. жана А.А. аттуу жарандары кум, шагыл алуу үчүн Кара-Суу дарыясынын жээгинен жер кыртышын бузушуп кум, шагыл казып алууну уюштурушкандыгы аныкталды. Бул факт боюнча жеринде протокол, акт түзүлүп К.Р. “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 177 беренесинин негизинде айып салынды.Ошондой эле КР Өкмөтүнүн 07.09.2004ж. №668 Токтомунун негизинде жер кыртышына келтирген зыян үчүн 4750сом доо коюлуп, айып доолор Мамэкотехинспекия тарабынан мамлекеттин эсебине толугу менен өндүрүлдү.