Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Лебединовка айылында жайгашкан чакан электр станциясында жабдыктарды жаңылоо керек. Себеби жабдыктардын эскилиги жетип,  жаңылоо 70 жылдан бери жүргүзүлгөн эмес. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын  энергетикалык коопсуздук башкармалыгынын кызматкери Марлис Өмүралиев билдирди.  Анын айтымында электр чордондорун текшерүү иштери жылына 2 жолу жүрөт. Ага ылайык ишканаларда жабдыктардын техникалык абалын,  документтер жана  оңдоо иштери жүрүп жатканы текшерилет. Эгерде электр чордондорунда техникалык нормаларды бузуу аныкталса, 30 күндө аны жоюу боюнча эскертмелер берилет. Талаптар убагында аткарылбаса мыйзам чегинде административдик чаралар көрүлөт. Ал эми Лебединовка чакан электр чордонунда жабдыктар жаңылоого муктаж. Тетиктер боюнча маселелер бар, себеби бул электр чордонундагы тетиктер эч жерде чыгарылбайт. Ага карабай Лебединовкадагы электр чордону ишмердүүлүгүн үзгүлтүккө учуратпай иштеп жатканын Мамэкотехинспекциянын өкүлү белгиледи.

 

 

 

 

       Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча региондук башкармалыгы тарабынан, Ош электр тармагы өзүнө тиешелүү  аба чубалгыларына тоскоолдук жаратып жатат деген максатта, Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү бак дарактарды Мыйзамсыз түрдө бутап тазалоо иштерин жүргүзгөндүгү аныкталды. Тактап айтканда Ош шаарынын Турсунбаев көчөсүндө жолдун күн батыш тарабындагы 18(он сегиз) түп ясень, Ленин көчөсүнүн күн чыгыш тарабында, жол боюнда шаардын жашыл фонун түзүп, экологиялык абалды жакшыртып турган 70(жетимиш) түп көп жылдык, жашы он жылдан кем эмес дарактардын негизги бутактарын, экологиялык уруксаты жок, бутап, өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирилгендигине байланыштуу Мамэкотехинспекция тарабынан  22.06.16ж. №0007112 протокол,акты түзүлдү.  

    Учурда  аталган дарактары жашылданып, өсүмдүктөрдүн жалбырактары өрчүү жана көбөйүү мезгилинде (вегетативный период) негизги бутактары кыркылып кеткендиктен Кыргыз Республикасынын “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын 4; 15; 42; 44; 46; 47; 54  беренелери К.Рнын токой кодексинин 10, 81 беренелеринин талаптары  одоно түрдө бузулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 сандуу токтомунун негизинде  өсүмдүктөр дүйнөсүнө

 26 703(жыйырма алты мин жети жүз үч)сом 6 (алты)

 тыйындык зыян келтирилген

 

 Ошондуктан,  өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын суммасын төлөтүп, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн, Ош шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.