Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Бүгүн Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү кызыл китепке кирген мадылды  Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылындагы жаныбарларды калыбына келтирүү борборуна  жиберүүгө катышты.

 Кызыл китепке кирген мадыл жандыгынын Мамэкотехинспекциянын штаттан тышкаркы кызматкерлери жана Nabu  уюмунун өкүлдөрү Кочкор районунда жергиликтүү тургун тарабынан мыйзамсыз кармалгандыгын аныкташкан.  Ага ылайык, адистер тарабынан  мадылдын акыбалы начар болгондугу аныкталып, Бишкекке жеткирилген. Борбор калаада  Мадыл жаныбарын  калыбына келтирүүнү  “Nabu”  эл аралык жаныбарларды коргоо уюму колго  алып, жаныбарды сактап калышкан.  Бүгүн мадылды Мамэкотехинспекция өкүлдөрү Ананьеводогу калыбына келтирүү борборуна жиберүүгө катышты.  Ал жерден мадылдын ден соолугу  калыбына келгенче кармалып, андан соң эркиндике кое берилет. Бул аралыкта мадыл Мамэкотехинспекциянын  көзөмөлүндө болот. 

Эске салсак, Nabu  эл аралык уюму  жаныбарларды коргоо боюнча иш алып барат. Аталган уюмдун Мамэкотехинспекция менен кызматташуу боюнча атайын келишимдери бар. Учурда жаныбарларды коргоо боюнча Мамэкотехинспекция менен  Nabu уюмунун Кыргызстандагы филиалы биргеликте  иш алып барууда. 

 

 

 

          Ыссык-Көл облусунун Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин Ыссык-Көл областы боюнча башкармалыгынан  келип түшкөн каттын жана Жети-Өгүз районунун жаштар кенешинин төрагасы У.Макеевдин кайрылуу катынын негизинде Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Каракол. ш, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондор аралык аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Жети-Өгүз токой чарбасынын Жаргылчак токойчулугунда пландан тышкары текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында:  

       1.Жети-Өгүз токой чарбасынын Жаргылчак токойчулугунун №3 токой бөлүмчөсүнөн 128 даана  247м3  тянь-шань карагайы мыйзамсыз кыйылып токой бөлүмүнөн каттосу жүктөлүп чыгарылып кеткендиги жана  мамлекетке  1366139  (бир миллион үч жүз алтымыш алты мин жүз отуз тогуз) сом зыян келтирилгендиги;

       2.Жети-Өгүз токой чарбасынын Жаргылчак токойчулугунун №2 токой бөлүмчөсүнөн 13 даана  18.07м3  тянь-шань карагайы мыйзамсыз кыйылып токой бөлүмүнөн каттосуз жүктөлүп чыгарылып кеткендиги жана  мамлекетке  44837 (кырк төрт мин сегиз жүз отуз жети) сом зыян келтирилгендиги башкармалыктын инспекторлору тарабынан аныкталып №0002101 административдик укук бузуу протоколу жана аныктоо актылары түзүлгөн.

          Жалпы Жети-Өгүз токой чарбасынын Жаргылчак токойчулугунун №2,№3 токой бөлүмдөрүн текшерүүдө жалпы мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 1410976 сомду түзгөн. Анын ичинен №2 токой бөлүмчөсүнүн токойчусу К.Керимкулов тарабынан 33000 сом зыян мамлекеттин эсебине төлөнүп, 1377976  (бир миллион үч жүз жетимиш жети мин тогуз жүз жетимиш алты) сом зыян азыркы күндө мамлекеттин эсебине өндүрүлө элек.

          Бул мыйзамсыз кыйуу фактысы боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Каракол, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондор аралык аймактык башкармалыгы, Ыссык-Көл областынын райондор аралык сотуна 2016-жылдын 19-майында, Жети-Өгүз токой чарбасынын кызматкерлери тарабынан өз милдеттерин так аткарбагандыктарынан мамлекетке келтирилген   1377976  (бир миллион үч жүз жетимиш жети мин тогуз жүз жетимиш алты) сом суммадагы зыянды Жети-Өгүз токой чарбасынан мамлекеттин эсебине өндүрүү боюнча доо арыз  менен кайрылган.

 

          Мамлекетке келтирилген  1377976  (бир миллион үч жүз жетимиш жети мин тогуз жүз жетимиш алты) сом зыянды өндүрүү боюнча ишти кароо,  2016-жылдын 14-июлунда, саат 13.00дө  Ыссык-Көл областынын райондор аралык сотунун имаратында өткөрүлөөрүн  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Каракол ш, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондор аралык аймактык башкармалыгы билдирет.