Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

                                      

Мамэкотехинспекциясынын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча региондук башкармалык тарабынан Сузак райондук электр тармактар ишканасына пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча 83 пункт укук бузуулар боюнча аныкталып, аларды жоюу боюнча эскертүүлөр берилди.  Райондук электр тармактар ишканасынын 7 кызматкерине жогорудагы көрсөтүлгөн укук бузуулар боюнча жана өз милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн жети миң сом өлчөмүндө административдик айып салынып, эки кызматкерине техникалык коопсуздук боюнча кезексиз билимин текшерүү боюнча экзамендер дайындалды. 

 

Пландык текшерүүлөр учурда  Көк-Арт жана Жалал-Абад электр тармактар ишканаларында жүргүзүлүүдө. 

Баткен облунунун  Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан “Айбек” базары өрт коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн Мамэкотехинспекциянын өрткө каршы кызматынын өкүлдөрү  менен биргеликте өткөрүлгөн машыгуу учурунда белгилүү болду. Адистер тарабынан атайын күтүүсүз машыгуу жүргүзүлүп, кокус өрт кырсыгы катталып калса,базардын абалы жана анын кооптуу абал жаралган учурдагы кесепетти жоюу аракетин текшеришти. Базардын тегерек четин кеңейтип,соода түйүндөрүн унаа өтүүчү жолдун жээгине өтө жакын куруп алгандыгына байланыштуу, атайын текшерүүгө барган өрт өчүрүүчү унаага кирүү мүмкүн болгон жок. Мамэкотехинспекция тарабынан буга чейин эскертүүлөр берилип келгени менен коюлган талаптар аткарылбай келет.  Соода түйүндөрү ашкере мыйзам бузуу менен базардын чекебелин тороп,унаа өтүүгө жолдорду бууп салгандыгына байланыштуу,адистер тарабынан катуу эскертүү жана Базардын   жопкечиликутуу  кызматкери   А  Закировко    КРнын   « Админстративдик   жоопкерчилик»  жонундогу  мыйзамынын    396-беренесинин  негизинде   5000 сом  айып  салынды  жана  ошондой  эле  базардагы  сатуучуларга   өрт  коопсуздук   эрежелерин   сактоо  боюнча   инструктаждар  өткөрүлдү. Себеби калк жыш жайгашкан жерлерде коопсуздукту тийиштүү тараптар биринчи камсыздашы керек. Эскертүүлөргө карабастан,кайдыгер мамиле жасап жаткан базар ээси административдик чара менен гана чектелбейт дешет Мамэкотехинспекция кызматкерлери,эгер бул сапаркы эскертүүгө баш ийбесе анда мыйзам алдында катуу жаза алаарын да адистер кошумчалады