Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Мамэкотехинспекциясынын Нарын шаары, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо райондору боюнча региондук башкармалыгы тарабынан  Нарын шаарына караштуу  Ак-Талаа  районундагы  № 15 жол тейлөө ишканасына  контролдук текшерүүгө барганда, мурдараак берилген кызматкерлерди атайын окууларды өткөрүү тууралуу   жазма буйругу аткарылган эмес.  Тагыраак айтканда  №15 жол тейлөө ишканасына тиешелүү АБЗнын жана  таш майдалоочу орнотмонун (КОУ) операторлору, белгиленген тартипте атайын окуудан окуп күбөлүк алган эмес. Ошондуктан АБЗнын башчысына жана тейлөөчү персоналга  текшерүүнун жыйынтыгында  3500 сом административдик айып салынып толугу менен өндүрүлдү.

         Бүгүнкү күндө №15 жол тейлоо ишканасы тарабынан кесип аралык билим борборуна  кооптуу өндүрүш            объектисинде иштеген тейлөөчү персоналды окуутуга    арыз жолдонгон.

 

 

Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча башкармалыгы, Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан мыйзамсыз Зараң дарагы кыйылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма-сөз кызматы билдирет. Аталган ишкана Ош шаарынын Гапар Айтиев жана Курманжан Датка кочосунун кеслишиндеги диаметри 38 см болгон Зараң багын, мыйзам бузуулар менен, эч кандай уруксаат кагаздары жок тамыры менен кыйып салышкан. Ошондой эле, кыюу учурунда бак женил унааны да басып калган. Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча адиси Асан Мамыраимов тарабынан жеринде протоколо түзүлүп, Ош шаардык жашылдандыруу чарбалыгына 7120 сом доо коюлду.