Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

Мамэкотехинспекциянын Нарын ш, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо райондору боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан, Нарын шаарынын Токтосунова көчөсүндө жайгашкан “Капля ” унаа жуучу  жайын Нарын региондук мамэкотехинспекциянын кызматкерлери  тарабынан  текшерүү убагында “Капля ” унаа жуучу  жайдын  ээси Шерикбаев Мирлан Зайнабидинович имаратты  курулушка укук берүүчү иш кагаздары жана нормативдик документтерисиз өзүм билемдикте курган.

 

Бул боюнча жеринен  №0010393 протокол түзүлүп, 3 пунктан турган  жазма буйрук берилген жана электр энергиясын кошууга документтери жогу аныкталып, Шерикбаев Мирлан Зайнабидиновичке 432-берененин негизинде 2000 сом администритивдик айып салынып өндүрүлдү. Эч уруксаты жок кошуп алгандыгы үчүн электр энергиясын өчүрүүгө  Нарын райондор аралык электр тармактар ишканасына “Капля” унаа жуучу жайынын электр энергиясын ажыратууга нөөмөт берилген.  Шерикбаев Мирлан эч кандай курулушка укук беруучу документациясын көрсөтө албастыгынан КР Административдик жоопкерчилик  жөнүндөгү кодексинин 454-беренесине ылайык сот органдарына чара көрүү үчүн документтер жөнөтүлдү.

Мамэкотехинспекция тарабынан тарыхый баалуулугу зор “эл чарбасынын көргөзмө жетишкендиктери” жайгашкан аймакта, Түштүк Кореялык корпорация техникалык жана экологиялык мыйзамдарды одоно бузуп ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма-сөз кызматы билдирет. Себеби, Түштүк Кореялык корпорация “Бишкек эркин экономикалык зонасы” ишканасынан убактылуу колдонууга алган 36,7 гектар аймакта мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп, “Эл чарабасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү” аттуу жайында көп жылдык бактардын 70 түрүн кыйып, 2000 чарчы метр жер кыртышын бузганы аныкталды. Буга карата, Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан жеринде протокол, актылар түзүлүп, келтирилген экологиялык зыяндар эсептелип чыккан. Ошондой эле аталган жайда эч кандай уруксаат кагаздары жок курулуштар курулуп, айрымдары бүткөрүлүп, тийиштүү мамлекеттик органдардыфн эч кандай уруксаат кагаздары жок ишмердүүлүк жүргүзүп жаткынын Мамэкотехинспекция кызматкерлери тарабынан белгиленди. Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Кадырбек Саалиевдин айтымында, Түштүк Кореялык компаниянын мыйзамсыз иш-аракететтери толугу менен тастыкталды. Ошондой эле келтирилген экологиялык чыгашаларды толтуруу жана мыйзамсыз курулуштарды буздуруп, аталган жайды баштапкы калыбына келтирүү боюнча Мамэкотехинспекция тарабынан мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөөрүн Саалиев белгилейт.