Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

2016 жылдын 18-июль айынан тартып 22-июль айына чейин борбордук аппараттын Энергетикалык коопсуздук боюнча башкармалыктын Мамлекеттик инспектору  жана Кара-Кол, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча аймактык башкармалыктын энергетикалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспектору  болуп ААК «Жалалабадэлектро» ишканасына караштуу Таш-Көмүр РЭТи(РЭС) пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпысынан 78 пунктан турган бузуулар табылды. Алардын ичинен терип караганда төмөндөгүлөр болду. Таш-Көмүр РЭТ не караштуу трансформаторлордун, 04кВ жана 6-10кВ аба чубалгыларынын техникалык абалы, нормативдик техникалык документтеринин жүргүзүлүшү жана жалпы коопсуздуктар каралды. Текшерүүгө Таш-Көмүр РЭТинин жетекчилиги жана тиешелүү участоктордун мастерлери, инженерлери катышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Таш-Көмүр РЭТинин башчысынын орун басары өз ишине кайдыгер мамиле жасап, нормативдик-техникалык документтерин көрсөтө алган жок, техникалык коопсуздукка кош мамиле жасаган. Ал эми жабдыктардын техникалык абалы да жакшы эмес, трансформаторлордо  предохранительдери жок, алардын ордуна жасалма зымдарды тагып коюшкан(установили жучки). Бул болсо эгерде чукул туташуу (короткое замыкание) болуп кетсе жабдыкка чон зыян алып келет дегенди билдирет. Аба чубалгылары өткөн жерлер дарактар кыйылган эмес, чубалгыга тийип калган. Трансформаторлордон алып чыгып кеткен чубалгыларды ирээти жок кошушкан. Трансформаторлордун майлары аз, эшиктери кулпуланган эмес, чөптөр өсүп кеткен. Жыгач мамычалары чирип, кыйшайып калган. ГКТП-7 ден алып чыккан нөл чубалгысы талапка жооп бербегендей кылып алып чыгышкан.

Жогорудагы кемчиликтер ААК «Жалалабадэлектро» ишканасынын жетекчилиги тарабынан кош мамиле жана контрольдун жоктугунан келип жатканы байкалып турат. Жумушчуларга атайын иш учурунда кие турган кийим (спец.одежда) берилген эмес.

Кемчилдиктерди четтетүү үчүн №08-363/14 садуу эскертме (предписание) бир айлык мөөнөт менен берилди. Берилген мөөнөттө Мамэкотехинспекциянын талаптары аткарылбаса мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт.                                                                   

 

 

 

                                                                                                        

Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайларында, жаз айынан тарта Мамэкотехинспекция тарабынан текшерүүлөр жана түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүп келет. Бирок ошого карабастан, эл сууга түшүп эс алуучу жайларда суу унааларын айдап, аралап эс алгандар кездешүүдө. Ар бир эс алуу жайларын кайра-кайра кыдырып эскертүү бергенге карабастан,кайдыгер мамиле жасагандан улам, адам өмүрлөрүнө коркунуч туулуп жатат. Андыктан Урматтуу эс алуучу жайлары жана эс алуучулар, коопсуздукту ар бирибиз сактай билели. Эгерде Сиз эс алып жаткан жайдын жээгинде кооптуу абал түзүлсө дароо тийиштүү органдарга кайрылыныздар!