Адрес Госэкотехинспекции ш. Бишкек, көч. Ахунбаева 119 

Урматтуу окурмандар!

Сиз директор

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркуловичке

кат менен
кайрыла алаcыз 

 

 

    Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базар-Коргон райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын башчысы А.К. Курманкулов, орун басар Н.М.Юсупов, өнөр-жай коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча инспектору Т.Анарбаев жана “Азвирт” ишканасынын жетекчиси И.Вазиров, ишкананын башкы инженеринин катышуусунда Бишкек-Ош унаа жолунун 4-фазасы Маданият Жалал-Абад участогунун 507км-574 км аралыгында бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан жумуш процесстери менен жеринде таанышышты.

Чолпон Ата, Балыкчы ш.Ысык Көл, Тоң району боюнча региондор аралык башкармалыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Балыкчы шаарындагы Тазалык ишканасында өрткө каршы, өрт коопсуздукту сактоо боюнча машыгуу иш-чараларын өткөрүштү. Ошондой эле ишкананын кызматкерлерине экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо, алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш чаралар Кыргыз республикасынын номер 381 22.08.2018ж. Токтомуна ылайык Өрт коопсуздук эрежелери сактоо боюнча ӨКМдин эки техникасы, тазалык ишканасынын 30кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлдү.